Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Хиросима шаарындагы жер көчкүгө байланыштуу Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты

Бүгүн, 2014-жылдын 21-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Хиросима шаарындагы жер көчкүнүн кесепетинен көптөгөн курмандыктар болгондугуна байланыштуу Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты.

Мамлекет башчысы курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин кааларын билдирди.

2014-жыл 21-август