Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды

Бүгүн 2014-жылдын 22-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн билим берүү жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды.

Жолугушууда билим берүү жана илим министри Мамлекет башчысына окуу жайлардын жаңы окуу жылына карата даярдыгы боюнча маалымат берди. Жаңы 2014-2015-окуу жылында республиканын жалпы орто билим берүү системасында 1 млн. окуучу камтыган 2 204 окуу жайы жана ошондой эле 132 500 бала камтыган 927 мектепке чейинки жайлар иштей турганы белгиленди.

Канат Садыковдун маалыматына ылайык, бул жылы 56 билим берүү объектилеринин курулушун бүткөрүү пландалууда, анын ичинен 23 объект 2014-жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилет.

Президент Алмазбек Атамбаев жана министр Канат Садыков ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын системасын оптимизациялоо концепциясын ишке ашыруунун  жүрүшүн талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев жогорку билим берүү реформасынын негизги багыттары катары билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана жогорку окуу жайлардагы коррупцияны жоюу маселелерин белгиледи.

2014-жыл 22-август