Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокованы кабыл алып, «Даңк» медалын тапшырды

Бүгүн, 2014-жылдын 25-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокованы кабыл алып, маданий мурасты сактоо ишинде ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасы менен кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик сыйлык – «Даңк» медалын тапшырды.

ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокованы сыйлоо тууралуу тиешелүү Жарлыкка Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин кол койгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЮНЕСКОнун башкы директору Мамлекет башчысына “Жибек жолу”: Тянь-Шань коридорунун каттамдарынын тармагы жана башталыш участогу" трансулуттук сериялык номинациянын алкагында Красная речка (Невакат), Ак бешим” (Суяб) жана Бурана (Баласагын) шаарлары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине киргизилгендиги тууралуу Сертификатты тапшырды. Мындай чечим 2014-жылдын 25-июнунда ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар боюнча  Өкмөттөр аралык комитетинин отурумунда кабыл алынган.

Мамлекет башчысы  ЮНЕСКОнун башкы директоруна Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээли үчүн ыраазычылык билдирип, келечек муундар үчүн Кыргызстандын тарыхый жана маданий эстеликтерин сактоонун маанисине токтолуп, өлкөбүздүн жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхын объективдүү изилдөөдө алардын маанисин баса белгиледи.

“Тарыхты билүү келечекти курууга жардам берет. Анткени, эгерде сен басып өткөн жолуңду жакшы билсең, анда келечекке кеткен жолду табуу оңой”, - деп  Президент Алмазбек Атамбаев белгилеп, мамлекет өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү болгон маданиятты өнүктүрүү маселелерине зор маани берээрин кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын маданий объекттери ЮНЕСКОнун маданий мурастар Тизмесине киргизилгендиги кыргызстандыктарда сыймыктануу жана шыктануу сезимин жараткандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде ЮНЕСКОнун башкы директору Мамлекет башчысына ишин жогорку баалагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана Президент Алмазбек Атамбаевге ЮНЕСКО менен кызматташууда адамзаттын маданий жана тарыхый мурастарын сактоодо Кыргызстандын активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди. “Сыйлык үчүн рахмат. Биринчиден мен муну өзүм азыр жетектеген ЮНЕСКОго көрсөткөн ишеним жана ыраазычылык катары кабыл алам”, - деп белгиледи Ирина Бокова.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргыз Республикасы менен ЮНЕСКОнун ортосундагы кызматташуу маселелери, ошондой эле биргелешкен программаларды ишке ашыруу боюнча мындан аркы пландар талкууланды.

2014-жыл 25-август