Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 26-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Президент Алмазбек Атамбаевге 2014-жылдын 25-августунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө болгон куралдуу инциденттин бардык жагдайлары, ошондой эле кырдаалды стабилдештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы Мамлекеттик чек ара кызматына кырдаалды жөнгө салуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүү, ошондой эле мамлекеттик чек араны коргоону күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

2014-жыл 26-август