Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда илимди реформалоо боюнча эксперттердин сунуштарын колдоду

Бүгүн, 2014-жылдын 28-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда илимди реформалоо боюнча эксперттердин сунуштарын колдоду. Бул тууралуу Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева, билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана билим берүү маселелери боюнча Коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушууда кыргыз илиминин жаңы деңгээлге чыгышын, илим жана билим берүүнүн натыйжалуу интеграциясы жана экономика, билим берүү жана башка тармактарда илимий жетишкендиктерди колдонуу боюнча чараларды камтыган илим системасын реформалоо боюнча концепциянын долбоору талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев илим системасын реформалоо боюнча концепциянын негизги багыттарын колдоп, жакынкы арада аны иштеп бүтүп, ишке ашырууга киришүү зарылдыгын белгиледи. Бул Концепция жарыяланат.

Ошондой эле жолугушууда өлкөнүн жогорку окуу жайлар тармагын жакшыртуу концепциясын ишке ашыруу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер  талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев коомчулукта жергиликтүү жогорку окуу жайлар берген билимдин сапаты боюнча терс ой-пикир калыптангандыгын жана жарандар билим берүү тармагында эч кандай жыйынтык көрбөй жаткандыгын белгиледи. Мамлекет башчысы өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, окуу жайлардагы коррупцияны жоюп, атаандашуу жөндөмүн арттыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү реалдуу жана натыйжалуу кадамдарды жасоо керектигин баса белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев сезилердик жыйынтыкка жетишүү, сан жагынан эмгек рыногунун талабына туура келген бүтүрүүчүлөрдүн билимин жогорулатуу максатында Концепцияны ишке ашырууну тездетүүгө милдеттендирди.

2014-жыл 28-август