Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинден Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктаган телеграмма келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Сизди Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Россияда достуктун жана өз ара урматтоонун көп кылымдык салттарына негизделген Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди жогору баалашат. Конструктивдүү саясый диалогду кеңейтүү жана соода-экономикалык, энергетикалык, илимий-техникалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташууну күчөтүүгө зор маани беребиз.

Кыргызстандын Евразиялык интеграциялык долбоорго кошулушу мамлекеттерибиздин ортосундагы көп пландуу байланыштарды мындан дагы чыңдап, регионалдык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуунун олуттуу фактору болуп калат деп ишенем.

Сизге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Республиканын жарандарына бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Урматтоо менен,

Владимир Путин”

2014-жыл 29-август