Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Азыркы заманда ийгилик башаты - билимге умтулуу”

Бүгүн, 2014-жылдын 29-августунда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн университеттеринин мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

Тапшыруу аземинде Мамлекет башчысы өлкөнүн 52 жогорку окуу жайларынын 200 миңден ашуун студенттеринин ичинен президенттик стипендия алууга татыктуу болгон эң мыктыларын куттуктады. “Бүгүн бул жерге өлкөнүн эң мыкты 56 студенти чогулду. Бул абдан кылдат жана дыкат тандоо жүргүзүлгөндүктүн белгиси. Ак эмгек менен жеткен ийгилигиңер кут болсун! Ата-энеңерди, жакыныңарды кубантып, келечекте Кыргызстандын атын чыгарган, элди баккан, журтту башкарган адамдардан болгула!- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент стипендиаттарды күжүрмөн аракети, ал эми алардын ата-энелерине, окутуучуларына жана жакындарына жумшаган мээнети үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы азыркы заманда ийгилик башаты – билимге умтулуу экендигин белгиледи. “Азыркы заманды жана ал берип жаткан мүмкүнчүлүктөрдү баалай билгиле. Сиздердин башкы максатыңар – жаштыкты бекер өткөрбөй, мүмкүн болушунча билим алуу, ага умтулуу. Бүгүн сиздер өз жашооңордун негизин түптөп жатасыңар. Фундамент начар болсо, жакшы имарат, ийгиликтүү келечек кура албайсыңар. Ошондуктан фундамент бекем жана катуу болуш керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы жылына миллиардаган сомдор, мамлекеттик бюджеттин 20 пайызы билим берүүгө жумшаларын айтты. “Бюджеттин тартыштыгына карабастан, акчаны келечегибизге жумшап жатабыз. Бул өлкөбүздүн келечегине болгон инвестициялар жана алар жүз эсе кайтып келет деп ишенем. Анткени бизде нефть же газыбыз жок. Башкы байлыгыбыз – элибиз. Эң баалуу сапатыбыз – билим жана өнөр! Билимдүү адам гана жаратман боло алат эмеспи. Эл – биздин өлкөнүн башкы байлыгы! Бизге билимдүү адистер жетишпей жатат. Мисалы, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өзүнүн илим изилдөө институту болгонуна карабастан, алардын кызматкерлери көмүрдөн газ чыгаруучу технологиялар эчак иштелип чыкканын билишпейт экен. Бул маалыматты мен мурдатан билсем, мисалы, Кыргызстандын түштүгүндө деле эчак тиешелүү завод курулуп, газды иштетет элек ”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошондой эле билим берүү жаатындагы көйгөйлөргө  да токтолуп, жакын арада жогорку билим берүү системасын реформалап, илим чөйрөсүн кайра куруу керектигин белгиледи. “Эптеп диплом алып жогорку кызматка жетсем деген студенттер аз эмес. Бирок, албетте, аракетчил, билимге умтулгандар да бар ”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Бул жыл мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыяланып, бир нече күндөн кийин башкы майрамыбыз – Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн белгилейбиз. Бүгүн өлкөбүз демилгелүү, билимдүү, мамлекет үчүн иштей турган жаштарга муктаж. Бизге жаңы Кыргызстан керек. Жакын арада саясатка, башкарууга, парламентке аракетчил алдыңкы жаштар келет деген үмүттөмүн. Биз күчтүү өлкө кура алабыз. Ал үчүн нефть же газдын кереги жок, биздин өлкө эркин жана сабаттуу адамдардын мамлекети болушу керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы студенттерге алдыга койгон максатыңардан тайбагыла деп, чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады.

Сөзүнүн аягында Президент Алмазбек Атамбаев 56 мыкты студентке бир жыл бою ай сайын стипендия алып турууга укук берген президенттик стипендияларын тапшырды.

2014-жыл 29-август