Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевден Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктаган телеграмма келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сизди Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамы - Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Казакстан боордош Кыргызстан менен ортодогу тең укуктуу, ошондой эле өз ара ишенимге негизделген карым-катнаштарга өзгөчө маани берет. Ага эки мамлекет ортосундагы кеңейип келе жаткан саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар далил болуп эсептелет.

Элдерибиздин ортосундагы достук жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген союздаштык карым-катнаштар келечекте элдерибиздин ийгиликтери үчүн өнүгө берерине толук ишенем.

Ушул ыңгайлуу учурдан пайдаланып, Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук жана өтө жооптуу кызматыңызда ийгилик, ал эми боордош Кыргызстан калкына тынччылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Урматтоо менен,

Нурсултан Назарбаев”

2014-жыл 29-август