Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Китай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинден Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу келди.

Куттуктоонун тексти:

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгына карата КЭР Өкмөтү жана Кытай элинин атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атыман Сизди жана Кыргызстан элин чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоолорду жолдоого  руксат этиңиз.

Эгемендүүлүк алгандан берки 23 жыл ичинде кыргыз эли биргеликте каармандык менен эмгектенип, өз өлкөсүнүн ыңгайына жараша  өнүгүү жолун издеп, өлкөнү куруунун бардык тармактарында чоң ийгиликтерге жетишти. Буга кытай тарап дос, коңшу жана стратегиялык өнөктөш катары чын жүрөктөн кубанууда.

Кытай өкмөтү Кыргызстан менен болгон мамилелердин өнүгүшүнө зор көңүл бөлүп, стратегиялык өз ара ишенимди жана эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты тынымсыз тереңдетүүгө кызыкдар. Үстүбүздөгү жылдын май айында Сиз Кытайга ийгиликтүү сапар жасадыңыз, бул эки тараптуу мамилелерге кошумча дем берди. Мен Сиз менен биргеликте биздин өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин тынымсыз жаңы деңгээлге көтөрүп турууга бардык  күч-аракетти жумшоого даярмын.

Жакында Сиз экөөбүз ШКУга мүчө мамлекет  башчыларынын Душанбедеги саммитине катышабыз. Бул ШКУнун быйылкы жылдагы эң маанилүү окуясы. Бул саммиттин ийгиликтүү өтүшүнө салым кошчу кыргыз жана кытай тараптын тыгыз өз ара аракеттенишүүсүнө ишенем.

Сизге ден соолук жана ийгилик, ал эми дос Кыргызстан элине бакыт-таалай жана гүлдөп өнүгүү каалайм.”

2014-жыл 29-август