Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан  элин Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Көз карандысыздык күнүнө карата чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Өзбек-кыргыз мамилелери мындан ары да биздин өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыгында жакшы коңшулаштык, конструктивдүү кызматташуу жана эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу принциптеринин негизинде ырааттуу өнүгө берээрине ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук жана көптөгөн ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине - тынчтык жана бакубатчылык каалайм.

Урматтоо менен,

Ислам Каримов”

2014-жыл 29-август