Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомоли Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сизди Қыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Кыргызстан биз үчүн ар дайым өзгөчө орун ээлейт. Биз Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы тарыхий салттарга бай мамилелерди кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыктарбыз. Боордош эки элдин түпкү кызыкчылыктарына төп келген өлкөлөрүбүздүн өнөктөштүгүн биргелешип чыңдай алабыз деген үмүттөмүн.

Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалайм.

Чын дилимден,

Эмомали Рахмон”

2014-жыл 29-август