Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кореянын Президенти Пак Кын Хе Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хе Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкөнүн элин Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Улуу урматтуу,

Корея Республикасынын Өкмөтүнүн жана корея элинин жана өзүмдүн атыман Сизге, Улуу урматтуу жана кыргыз элине өлкөңүздүн эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгына карата 1991-жылдан бери кыргыз эли тарабынан ар кандай тармактардагы жетишкендиктер менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду билдирем.

Өткөн жылдын ноябрь айында Сеулда Сиз менен жоолугушуп,  өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жолдорун жылуу маанайда жана ачык талкуулаганыбыз абдан жагымдуу болду. Жолугушуубуздун жүрүшүндө Сизден, Улуу урматтуу, кыргыз эли демократияны өнүктүрүүгө жана ачык экономикага бет алууга чечкиндүүлүгү жана аракеттери тууралуу уктум. Сиздин элиңиздин Сиздин мыкты жетекчилигиңиз алдында тынымсыз аракеттери жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү алып келет деп ишенем. 

Учурдан пайдаланып, Сизге, Улуу урматтуу, чың ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстандын элине - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм. 

Корея Республикасынын Президенти

Пак Кын Хе”

2014-жыл 29-август