Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Эмомали Рахмонду Тажикстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы куттуктоо телеграммасында эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы салттарды жана маданий баалуулуктарды өз ара урматтоо жана сактоо, кыргыз-тажик конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жаратман саясатты жүргүзүү достук жана жакшы коңшулаштык мамилелерди түзүүнүн негизи болуп саналаарына ишенимин билдирди.

Алмазбек Атамбаев Эмомали Рахмонго чың ден соолук, бакубатчылык  жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми Тажикстандын боордош элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2014-жыл 9-сентябрь