Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Башкортостандын Президенти Рустэм Хамитовду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 9-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы Мамлекеттик резиденциядаБашкортостан Республикасынын Президенти Рустэм Хамитовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Башкортостандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери талкууланды. Байланыштарды улам күчөтүп, Кыргызстан менен Башкортостанды ортосунда кызматташууну кеңейтүү зарылчылыгы баса белгиленди.

Рустэм Хамитов Кыргызстанга I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Башкортостандын Президенти бүгүн, 9-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш салтанатына катышат.

2014-жыл 9-сентябрь