Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2014-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «К.А.Талиева жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

Талиева Камила Абдыразаковна Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүн кызматынан отставкага кетиши кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулсун.

Жарлык кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.

2014-жыл 16-сентябрь