Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен телефон аркылуу сүйлөштү

2014-жылдын 16-сентябрында «Газпром» ААК демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүү учурунда Алексей Миллер Алмазбек Атамбаевге «Газпром» Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) 100 млн. м³ чейинки жаратылыш газын 1000 м³ үчүн 165 АКШ доллары баасында ЖЭБке чейинки ташып келүүгө кошумча төлөм менен ташуу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын билдирди.

Буга чейин, 2014-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарындагы ЖЭБ үчүн газды ташып келүүнү көбөйтүү маселеси Президент Алмазбек Атамбаевдин «Газпромдун» жетекчиси Алексей Миллер менен Чолпон-Ата шаарындагы жолугушуусунда талкууланган.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, газдын көлөмүн көбөйтүү күйүүчү май балансын оптималдаштырып, Бишкек шаарынын ЖЭБинин туруктуу иштешинкамсыз кылат.

2014-жыл 17-сентябрь