Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 2014-жылдын 17-сентябрында, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

“Ортобузда түзүлгөн өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди жогору байлайм”, - деди Владимир Путин, Алмазбек Атамбаевге ийгилик жана чың ден соолук каалап.

Россия Федерациясынын Президенти конструктивдүү диалогду улантууга жана биргелешип иштешүүгө ишенимин билдирди.

2014-жыл 17-сентябрь