Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россииянын Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 17-сентябрында, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге туулган күнүнө карата куттуктоо телеграммасын жолдоду.

Өз куттуктоосунда Владимир Путин Алмазбек Атамбаевдин кыргыз-россиялык достук мамилелерин бекемдөөдө зор салымын белгиледи.

 “Мамлекет башчысы кызматында өзүңүздүн жооптуу ишмердүүлүгүңүз менен Сиз мекендештериңиз арасында татыктуу урматка, Борбор-Азиялык региондо жана андан тышкары бийик абройго ээ болдуңуз”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Алмазбек Атамбаев менен түзүлгөн өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди жогору бааларын белгилеп, конструктивдүү диалогду жана  биргелешкен ишерди, анын ичинде Кыргызстандын интеграциялык бирикмелерде катышуусу боюнча иштерди улантууга ишенимин билдирди. 

Россиянын Президенти Кыргызстандын Президентине чың ден соолук, бакубатчылык жана иштерине ийгилик каалады.

2014-жыл 17-сентябрь