Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 17-сентябрында, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Гурбангулы Бердымухамедов Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, күч-кубат жана бакыт-таалай каалады, ошондой эле Кыргызстандын боордош элинин жыргалчылыгы үчүн бардык саамалыктар жана аракеттер ийгиликтүү ишке ашуусуна тилектештигин билдирди.

2014-жыл 17-сентябрь