Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 60 жылдыгына карата куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

Урматтуу окутуучулар жана студенттер!

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 60 жылдык мааракеси менен куттуктайм!

Бүгүн  сиздердин окуу жай техникалык билим берүүдө алдыңкы катарды ээлеп, Кыргызстандын инженердик кадрларды даярдоонун өнөрканасына айланды. Техникалык университеттин тарыхы - республикабызда жогорку билим берүүнүн калыптануу тарыхы. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон, мекени үчүн талыкпай эмгектенген муундун тарыхына үндөшөт. Окуу жайынын алгачкы  ректорлору Георгий Акимович Сухомлинов жана Владимир Михайлович Журавлев - ошол муундун өкүлдөрү. Белгилүү окумуштуулар, мыкты уюштуруучулар ондогон жылдар бою зор эмгек кылып, Кыргызстандын илимий-техникалык кадрларын даярдоону калыптандырган.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылган. Анткени ал республикабызда алгачкы техникалык жогорку окуу жайын түзүүнүн демилгесин көтөргөн. Исхак Раззаковдун “Эгерде мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” деген учкул сөзү Мекенине, элине кызмат кылуунун белгиси болуп калды.

Бүгүн Кыргызстан мамлекет үчүн, анын келечеги үчүн иштөөгө жөндөмдүү жаш адистерге муктаж. Сиздердин университет замандын талабына толук жооп бере алат деп ишенем. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта жана бейпилдикте гүлдөп өнүгө берсин!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                          Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 18-сентябрь