Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Серж Саргсянды Армениянын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсянды Армения Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы салттуу достук мамилелер мындан ары да эки өлкөнүн кызыкчылыгында ыкчам өнүгөөрүнө ишенимин билдирди.

Алмазбек Атамбаев Серж Саргсянга чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми достошкон армян элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2014-жыл 21-сентябрь