Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз тили - мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынабыз.

Мындан туура 25 жыл мурда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгаруу менен, эгемендүү мамлекетти курууга карай орчундуу кадам жасаган.

Мыйзам кабыл алынгандан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир канча жарлыктар, токтомдор жана программалар иштелип чыкты. Алардын ар бири кыргыз тилинин коомдогу ордунун бекемделишине өз таасирин тийгизди.

Мамлекеттик тилди дагы да кеңири колдонууга жетишүү, аны этностор аралык баарлашуунун тилине айлантуу максатында Президенттин Жарлыгы менен быйыл «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы» кабыл алынды. Элибиздин биримдигин чыңдоого шарт түзө турган бул стратегиялык документти ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн бийлик жана коомчулук биргелешип аракеттенип жатат.

Эгемендүүлүктүн туусун бийик желбиретип, өнүккөн өлкөнү куруубуз үчүн мамлекеттик тил данакерлик, жаратмандык милдетти өтөшү керек. Адамзаттын маданий кенчи - «Манас» сыяктуу мухиттей теңдешсиз эпостун, Алыкулдун, Чыңгыздын тили ар дайым Кыргызстан элинин ынтымагына, жакшылыгына, өнүгүүсүнө өбөлгө болсун.

Тилибиз түптүү элдин, уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп терең ишенем.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                        Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 23-сентябрь