Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Стамбулда Дүйнөлүк экономикалык форумдун атайын жыйналышына катышат

2014-жылдын 28-29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Стамбул шаарында «Региондук өнүгүү үчүн ресурстарды ачуу» маселеси боюнча Дүйнөлүк экономикалык форумдун атайын жыйналышына катышат.

Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын жетекчилери менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрөт.

2014-жыл 27-сентябрь