Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Грузиянын Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 29-сентябрында, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк экономикалык форумдун атайын жыйынына катышуусунун алкагында Грузиянын Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда кызматташуунун түрдүү маселелери талкууланды.

Алмазбек Атамбаев менен Георгий Маргвелашвили эки тараптуу кызматташууда ишке ашырылбай жаткан зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигине токтолуп, түрдүү тармактарда кыргыз-грузин өз ара аракеттегишүүсүн мындан ары арттыруунун маанисин баса белгилешти.

2014-жыл 29-сентябрь