Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Премьер-министри Ахмет Давутоглу менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 29-сентябрында, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АтамбаевДүйнөлүк экономикалык форумдун атайын жыйынына катышуусунун алкагында Түркия Республикасынын Премьер-министри Ахмет Давутоглу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Ахмет Давутоглуну Түркиянын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, боордош эки өлкөнүн ортосунда мамилелер мындан ары өнүгүп жана тереңдей берээрине ишенимин билдирди.

Алмазбек Атамбаев менен Ахмет Даутоглу кыргыз-түрк мамилелеринин азыркы абалын жана перспективасын, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Стратегиялык кызматташуунун башкы кеңешинин июнь айындагы жыйынынын чечимдеринин аткарылышы, ошондой эле экономиканын түрдүү тармактарында өз ара аракеттенишүү боюнча пландарды талкуулашты. Энергетика тармагында кызматташууга өзгөчө басым жасалды.

2014-жыл 29-сентябрь