Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КЭР Төрагасы Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 1-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 65 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

 “Улуу урматуу,

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 65 жылдыгы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду кабыл алыңыз.

Өнүгүүнүн акыркы жылдарында Кытай Эл Республикасы таасирдүү натыйжаларга жетишип, учурдагы дүйнөлүк саясатта өзгөчө орунду ээледи. Мында, албетте, Сиздин жеке салымыңыз зор.

Ошондой эле Сиздин көнүл буруп, дайым колдоп тургандыгыңыздын натыйжасында биздин мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу мамилелер өнөктөштүктүн жаңы баскычына көтөрүлүп, бардык тармактарда - саясый, экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө өз ара кызматташтыктын мындан аркы интенсивдүү жогорулашын белгилеп кетүү керек.

Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Кеңешинин кезектеги отурумундагы биздин жолугушуубузду жана өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашуубузду жакшы маанай менен эстейм.

Өз кезегинде кыргыз-кытай стратегиялык шериктештикти жакшы коңшулаштыкты, достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жана кеңейтүү максатында бардык аракетти көрүүгө даяр экендигимди билдирем.

Сизге, урматтуу Төрага мырза, чын ниетимден чың ден-соолук, дос кытай элинин жыргалчылыгына, тынчтыгына жана гүлдөп өнүгүшүнө багытталган мамлекеттик ишмердикте зор ийгиликтерди каалайм.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                              Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 1-октябрь