Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Швейцариянын Президенти Дидье Буркхальтер менен телефон аркылуу сүйлөштү

2014-жылдын 1-октябрында швейцариялык тараптын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Швейцария Конфедерациясынын Президенти, Тышкы иштер Федералдык департаментинин башчысы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) азыркы Төрагасы Дидье Буркхальтер менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу, анын ичинде ЕККУ алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

2014-жыл 2-октябрь