Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев PEN International 80 Конгрессинин катышуучулары менен жолугушту

 

2014-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда өтүп жаткан түрдүү адабий жанрларда иштеген профессионалдуу жазуучулардын, акындардын жана журналисттердин бүткүл дүйнөлүк уюмунун 80-чи мааракелүү PEN International Конгрессинин катышуучулары менен жолугушту.

Жолугушууга Эл аралык ПЕН-клубдун президенти Джон Ралстон Соул, белгилүү канадалык жазуучу, «Пинин жашоосу» бестселлеринин автору Янн Мартелл, Эл аралык ПЕН-клубдун Башкы катчысы Такияки Хори, Эл аралык ПЕН-клубдун вице-президенти Карлес Торнер, Борбор-Азиялык ПЕН-клубдун жетекчиси Дальмира Тилепберенова жана Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов катышышты.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктар үчүн өз өлкөсүндө дүйнөлүк белгилүү жазуучуларды жана ошондой эле дүйнөлүк адабияттын жаңы муундагы сөз чеберлерин тосуп алуу зор кубаныч экендигин белгиледи. “Кыргызстан эли байыркы тарыхка ээ, өз маданий дөөлөттөрүн бекем сактап, өнүктүрүп келет. Кыргыздын «Манас. Семетей. Сейтек» эпикалык үчилтиги ЮНЕСКОнун чечими менен адамзаттын материалдык эмес мурастарынын шедеврлеринин катарына киргизилди. Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы дагы - өлкөбүздүн элинин сыймыгы. Улуу жазуучунун чыгармалары дүйнөнүн 128 өлкөсүндө 176 тилде, жалпысынан 100 млн нуска менен басылып чыгарылган”,- деди Президент.

“Эл аралык ПЕН-клубдун Конгресси алгачкы ирет Борбордук Азияда Кыргызстанда өтүп жатышы биз үчүн абдан кубанычтуу. Жергебизде сиздерди кабыл алуу биз үчүн чоң сыймык. Мунун өзү өлкөбүз өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алгандыгын дагы бир жолу ырастап олтурат”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Эл аралык ПЕН-клубдун башчысы Джон Ралстон Соул меймандостук кабыл алууга ыраазычылык билдирип, Бишкектеги конгресс “Менин тилим, менин тагдырым, менин эркиндигим” темасында өтүп жаткандыгын маалымдады. Анын айтымында, Кыргызстанда өтүп жаткан эл аралык деңгээлдеги иш-чара бүт дүйнөнүн жазуучуларына учурдагы адабият жана тилдердин өнүгүүсүнүн жүрүшүн, лингвистикалык укуктарды жана ошондой эле адабият, журналистика жана жазуу эркиндигинин өз ара байланышын талкуулоого шарт түзөт.

Джон Ралстон Соул белгилегендей, Эл аралык ПЕН-клубдун 1921-жылдан бери мындай конгресс алгачы ирет Борбордук Азияда өтүп жатат. “Мен кыргыз элинин бай тарыхы жана маданияты менен жакшы таанышмын, “Манас” эпосун окугам. Биз ошондой эле Кыргызстанда демократияны куруу жана сөз эркиндигин бекемдөө боюнча көп жетишкендиктер болгонун билебиз. Ошондуктан Эл аралык ПЕН-клубдун мааракелүү конгрессин Кыргызстанда өткөрүп жатабыз”, - деди Джон Ралстон Соул.

Эл аралык ПЕН-клубдун өкүлдөрү мамлекет башчысына азыркы кыргыз авторлору дүйнөлүк аренада популярдуу болушуна, дүйнөлүк адабиятка терең аралашуу максатында кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын чет тилдерге которуу боюнча иш баштоону сунушташты.

Президент Алмазбек Атамбаев бул идеяны колдоп, кыргыз жазуучуларынын чыгармалары чет тилдерге которулуп, Кыргызстандан сырткары жаңы окурмандарга жол табышына кол кабыш кыла тургандыгын билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз эли байыркы көчмөн турмушунан бери дайым эркиндикти сүйгөн жана толеранттуу мүнөзү, демократия жана сөз эркиндигинин бай салттары менен айырмаланган эл экендигин белгиледи. “Ар бир адам, өзгөчө ал жазуучу жана публицист болсо, бардык маселе боюнча өз көз карашын далилдөөгө укуктуу. Биз абдан динамикалуу доордо жашап жатабыз. Адамзат абдан курч көйгөйлөргө жана чакырыктарга туш келип жатат. Бирок ар бир өлкө жана өкмөт учурдагы реалдуулук менен эсептешип,  элдин кайсы бир бөлүгүнүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгындагы маселелерди чечиш керек”, - деди Кыргызстандын  Президенти.

Алмазбек Атамбаев конгресстин катышуучуларына иштери жемиштүү болуп, заманбап адабиятты өнүктүрүү жолунда ийгиликтерди каалады. Элдер жана өлкөлөр ортосунда жакшы түшүнүүгө жана урматтоого шарт түзүү максатында улуттук маданияттардын өз ара аралашуусуна жана байышына тилектештигин билдирди.

 

2014-жыл 2-октябрь