Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

 “Сизди жана Кыргызстандын дос элин Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктоо мага чоң канааттануу тартуулайт. Мусулмандардын ушул ыйык күнү Жараткандан баарыбызга бакыт, ден-соолук жана бакубатчылык ыроолошун тилейм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

2014-жыл 3-октябрь