Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов менен өлкөнүн мыкты шахматчысы Төлөгөн тегин Семетейди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 7-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз шахмат федерациясы» коомдук бирикмесинин президенти Милан Турпанов менен өлкөнүн мыкты шахматчысы Төлөгөн тегин Семетейди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев шахматчы Семетей Төлөгөн тегинди Дүйнөлүк шахмат Олимпиадасындагы мыкты он спортсмендин катарына кошулушу менен, Кыргызстан курама командасын Олимпиадада жетишкен жакшы жыйынтыктары менен куттуктады. Норвегия  Королдугундагы Тромсе шаарында өткөн Дүйнөлүк шахмат Олимпиадасында Семетей Төлөгөн тегин гроссмейстердик норманы толтурган.

Мамлекет башчысы Милан Турпанов жана Семетей Төлөгөн тегин менен Кыргызстанда шахмат спортун өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле өлкөнүн шахмат федерациясынын пландарын талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда шахматты мындан ары өнүктүрүүнүн  жана кеңири жайылтуунун маанисин белгиледи, мамлекет буга тиешелүү көңүл бурууга тийиш экендигине токтолду.

Мамлекет башчысы 2014-жылдын 17-26-октябрында Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлчү «М.И.Чигориндин мемориалы» эл аралык шахмат фестивалына катышууга барчу кыргызстандык шахматчыларга финансылык жардам берээрин, келерки жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу үчүн балдар арасында кезектеги  шахматтык мелдешти колдоого алаарын маалымдады.

2014-жыл 7-октябрь