Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев улуттар азчылыгы иштери боюнча ЕККУнун Жогорку комиссары Астрид Торсту кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 8-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев улуттар азчылыгы иштери боюнча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) Жогорку комиссары Астрид Торсту кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕККУнун ортосунда этностор аралык мамилелер боюнча кызматташуусунун түрдүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү ички саясый жана социалдык-экономикалык кырдаал туурасында маалымдап, Кыргызстанда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоого багытталып иштелип чыккан стратегиялык документтерди ишке ашырууга басым жасады.

ЕККУнун Жогорку комиссары Астрид Торс тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө, тил саясатын өркүндөтүү боюнча Кыргызстанда көп иштер жасалгандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин этностор аралык ынтымагын жана биримдигин  бекемдөө үчүн жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруунун маанисин баса белгиледи.

2014-жыл 8-октябрь