Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 20-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетинин аткарылышына тиешелүү маселелер, ошондой эле келерки 2015-жылга негизги финансылык документтин приоритеттүү багыттары талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине өлкөнүн социалдык секторун өз учурунда каржылоого өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирди.

Мындан тышкары финансы министри Президент Алмазбек Атамбаевди Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон шаарында өткөн Дүйнөлүк банк (ДБ) менен Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) тобунун жыл сайын өткөрүлүүчү кеңешмесине катышкандыгы тууралуу маалымдады. Ольга Лаврова ДБ жана ЭВФ жетекчилери менен жолугушуусу жөнүндө айтып берди.

2014-жыл 20-октябрь