Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 21-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алды.

Мамлекет башчысы Валентина Матвиенкону Федерация Кеңешинин жетекчилигине кайрадан шайланышы менен куттуктап, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүүнүн маанисин белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалогду эки тараптуу негизде дагы, КМШ жана ЖККУнун парламенттер аралык уюмдарынын алкагында дагы күчөтүү маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Президент Алмазбек Атамбаевге жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинден салам жолдоду.

Валентина Матвиенко эки өлкөнүн кызматташуусунун стратегиялык маанисин баса белгилеп, Россия менен Кыргызстандын ортосунда достук байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын билдирди.

 “Сиздин Кыргызстанга сапарыңыз кыргыз-россиялык өз ара аракеттенишүүнүн  бардык тармактарындагы актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөктөшкөн Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы түрдүү деңгээлдеги кызматташуудагы активдүү саясый диалогду ырастап олтурат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Россиянын парламенттеринин өз ара аракеттенишүүсүн өнүктүрүүнүн, эки өлкөнүн стратегиялык кызматташуусун мындан ары кеңейтүүнүн жана чыңдоонун маанисин белгиледи.

2014-жыл 21-октябрь