Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.

Сиздер эл чарбасынын эң орчундуу жана маанилүү тармагында жооптуу милдетти өтөп жатасыздар. Анткени азыркы заманды автомобилсиз элестетүү мүмкүн эмес. Ал эми жолдор - кан тамыр сыяктуу өлкөнү алга жетелеп, өнүгүүнүн өбөлгөсү. Элдин турмушун жеңилдетип, алысты жакындатат, эки жээкти бириктирет. Элдер ортосунда алаканы арттырып, ынтымакты, биримдикти бекемдейт.

Акыркы жылдары автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого миллиарддаган каражаттар жумшалып жатат. Жолдорду куруу, оңдоо иштери Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралган. Мамлекетибиздин негизги максаттарыбыздын бири. Стратегияга ылайык, биз жыл сайын 300 км жолду калыбына келтирүүгө жана 150 км кем эмес жаңы асфальт жолдорду курууга тийишпиз.

Быйыл түштүк менен түндүктү бириктирген дагы бир кара жолдун курулушуна кириштик. Эл аралык транспорт коридорлорун калыбына келтирүү иштери аяктоо алдында турат. Кыргызстан туюк өлкөдөн транзиттик мамлекетке айланууда. Эмки кадамыбызды өлкөнүн ички автомобиль жолдорун реабилитациялоого багыттамакчыбыз.

Жаңы жолдорду салалы, көпүрөлөрдү куралы, Кыргызстандын жолу ачалы. Жаратман ишибиз менен өлкөбүздүн өргө жетелеп, мамлекетибизди бекемдейли!

Сиздер салган жолдор жакшылыкка, ынтымакка, биримдикке кызмат кылсын. Элибиздин жыргалчылыгына иштесин, мамлекетибиздин өнүгүшүнө жакшы кызмат өтөсүн.

Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай, ийгиликтерди каалайм. Ар дайым жолубуз шыдыр болсун!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                         Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 24-октябрь