Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

2014-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлөт

2014-жылдын 27-октябрында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.

Жыйындын күн тартибине төмөндөгү маселелер коюлду:

1). «Таза шайлоолор - өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи» маселеси боюнча Улуттук кеңештин 2014-жылдын 25-апрелиндеги чечиминин аткарылышы тууралуу.

2). 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылышы тууралуу маалымат.

2014-жыл 24-октябрь