Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Грузиянын Президенти Гиорги Маргвелашвили менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 25-октябрында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызcтанга иш сапары менен келген Грузиянын Президенти Гиорги Маргвелашвили менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-грузин мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Эки өлкөнүн Президенттери соода-экономикалык тармакта, ошондой эле Кыргызстан менен Грузиянын маданий-гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.

2014-жыл 25-октябрь