Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Журналисттин эрдиги чындык, адилеттик жана сөз эркиндиги үчүн күрөштө көрүнөт”

2014-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев белгилүү журналист, саясый баяндамачы Сыргак Абдылдаевди кабыл алып, адам укуктарын коргоодо, Курманбек Бакиевдин режиминин тушунда коррупциялык жана криминалдык схемаларды ачып берүүдөгү кесиптик милдетин аткарып жатып көрсөткөн эрдиги жана активдүү жарандык  позициясы үчүн мамлекеттик сыйлыкты - «Эрдик» медалын тапшырды. 

Президент Алмазбек Атамбаев журналист Сыргак Абдылдаевди «Эрдик» медалы менен сыйлоо тууралуу тиешелүү Жарлыкка кол койгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Сыргак Абдылдаевге журналисттик ишмердигинде көрсөткөн кайраттуулугу жана эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен журналист Сыргак Абдылдаев өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаалдын өнүгүшүнө, коррупцияга каршы күрөшкө, түрдүү тармактарда реформаларды ишке ашыруунун жүрүшүнө тиешелүү маселелерди талкуулашты.

Мамлекет башчысы өлкөнү демократиялык жол менен өнүгүшүндөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өзгөчө ролуна токтолуп, мамлекет мындан ары дагы Кыргызстанда сөз эркиндигин жана журналистиканы өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзөөрүн белгиледи.Журналисттин эрдиги чындык, адилеттик жана сөз эркиндиги үчүн күрөштө көрүнөт. Журналисттин иши өлкөнүн кызыкчылыгына багытталыш керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Сыргак Абдылдаевге чың ден-соолук каалады.

Маалымдама:2009-жылы Курманбек Бакиевдин режимине каршы сын айтылган макалалардын сериясынан кийин Сыргак Абдылдаевге кол салуу уюштурулган. Натыйжада  ал катуу тепки жеп, 29 жерине бычак сайылган, колу, буту сындырылган. Кол салуудан кийин Сыргак Абдылдаев Швециядан саясый баш паанек суроого мажбур болгон. Азыр дарылануусун улантып, Швецияда жашайт.

2014-жыл 28-октябрь