Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев түрк тилдүү мамлекеттердин аксакалдарын кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 28-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосунда маданий-гуманитардык чөйрөсүндөгү кызматташуунун түрдүү маселелери, түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин маданий мурастарын сактоо жана өнүктүрүү ишинде мындан ары өз ара аракеттенишүү боюнча алдыдагы пландары талкууланды.

Ошондой эле Мамлекет башчысына Бишкекте өткөрүлгөн түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар кеңешинин VIII жыйынынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Президент Алмазбек Атамбаев менен Түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү Кыргызстанда өткөрүлгөн биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктарын талкуулап, анын түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосунда маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев  түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн  ортосунда маданий өз ара алаканы мындан ары тереңдетүүнүн жана кеңейтүүнүн маанисин баса белгиледи.

Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин Башкы катчысы Рамиль Хасанов, Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин Башкы катчысынын орун басары Адахан Мадумаров, Казакстан Республикасынан Аксакалдар кеңешине мүчө Адил Ахметов, Азербайжан Республикасынан Аксакалдар кеңешине мүчө Фаттах Гейдаров, Кыргыз Республикасынан Аксакалдар кеңешине мүчө Бексултан Жакиев, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Метин Кылыч дагы катышышты.

2014-жыл 28-октябрь