Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу окумуштуулар жана илим кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктайм!

Илимий изилдөөлөр экономиканын талаптары менен тыгыз байланышын камсыз кылбай, окумуштуулардын ойлоп тапкандарын ишке киргизбей туруп Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү мүмкүн эмес. Учурда биз конструктивдүү жаңы идеяларга жана аларды ийгиликтүү ишке ашырууга абдан муктажбыз. Экономикалык, саясый жана социалдык олуттуу маселелер боюнча мамлекеттик деңгээлде чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда илимий негиздерге таянуу зарыл.

Тилекке каршы Кыргызстандын илимий мекемелеринин натыйжалуулугу азырынча төмөн болуп жаткандыгын моюнга алууга аргасызбыз. Илимий ишмердүүлүк экономика тармактарынын практикалык талаптарын ишке ашырууга багытталган эмес. Улуттук илимди эл аралык деңгээлге алып чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт. Мына ушуга байланыштуу өлкөнүн илим системасын реформалоо боюнча чечкиндүү кадамдарды жасоого тийишпиз.

Учурда Кыргызстанга мамлекет алдында турган приоритеттүү милдеттерди чечүүгө көмөктөшчү илимий-инновациялык чөйрө керек. Илимдин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча заманбап механизмдерди киргизүү, илим тармагында атаандашуу чөйрөсүн калыптандыруу зарыл. Изилдөөлөрдү материалдык жактан колдоонун ийкемдүү ыкмаларын киргизүү керек. Окумуштуулардын кадыр-баркын көтөрүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп, жаш, таланттуу кадрлардын келишине шарт түзүп, илим менен өндүрүштүн байланышын бекемдөө милдети турат.

Кыргызстандын илимий интеллигенциясы жогорку аң-сезимдүүлүгүн айгинелеп, билимин, күч-аракетин жана тажрыйбасын өлкөбүздү дүйнөлүк экономикага интеграциялоого, кубаттуу, өнүккөн мамлекет курууга багыттайт деп ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана өсүшүнө багытталган чыгармачыл бийиктиктерди багынтышыңыздарды каалайм!

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                            Алмазбек Атамбаев

2014-жыл 10-ноябрь