Бүгүн, 2014-жылдын 10-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Түркмөнстанга келди.
Сапардын алкагында 2014-жылдын 11-ноябрында Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, алардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу кыргыз-түркмөн документтеринде кол коюу болжолдонууда.
Мамлекет башчысынын Түркмөнстанга сапары кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө, ошондой эле бардык деңгээлдерде эки тараптуу байланыштарды активдештирүүгө багытталган.