2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзуна кошулушуусу менен куттуктады.
Мамлекет башчылары өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн интеграциялык процесстердин жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.