Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиясынын Королу Абдалла Бин Абдель Азиз Аль Сауддун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 23-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиясынын Королу Салман Бин Абдель Азиз Аль Саудка Сауд Арабиясынын Королу Абдалла Бин Абдель Азиз Аль Сауддун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Мамлекет башчысынын телеграммасында Абдалла Бин Абдель Азиз Аль  Саудзалкар мамлекеттик ишмер жана саясий лидер катары анын бүткүл дүйнөгө зор кадыры жана урматы бар болгондугу белгиленет. “Ал Сауд Арабиясын даанышмандык менен башкарып, аны араб жана ислам мамлекеттеринин саясий жана экономикалык лидерине айлантып, бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүнүн ортосундагы тилектештикти бекемдөө ишинде, дүйнөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууда алдыңкы орунга чыгарды”, - деп белгиленет көңүл айтууда.

“Улуу Даражалуу Король Сауд Арабиясына жасаган расмий иш сапарымда мени менен жолугушуу өткөрүп, эки өлкөнүн ортосундагы ынак достук мамилелерди бекемдөөгө чоң салым кошуп, өнөктөштүктү жогорку жаңы деңгээлге көтөрүүдөгү анын жекече эмгеги биз үчүн баа жеткис болуп эсептелет”, - деп белгиленет Президент Алмазбек Атамбаевдин телеграммасында.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктар Сауд Арабиясынын элинин азасын тең бөлүшөөрүн белгилейт. “Ыйманы саламат болуп, Жараткан ага бейиштен орун берсин”, - деп айтылат телеграммада.

Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиясынын Королу Салман Бин Абдель Азиз Аль Саудка жана жалпы бир тууган сауд элине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

2015-жыл 23-январь