Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун мүчөлөрүнө жаңы квартиралардын ачкычтары тапшырылды

Бүгүн, 2015-жылдын 24-январында, Бишкек шаарындагы «Көк-Жар» кичирайонунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун мүчөлөрүнө жаңы квартиралардын ачкычтары тапшыруу салтанатына катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Коомдун мүчөлөрүн жаңы конушу менен куттуктап, чың ден-соолук, узак өмүр каалады.

“Сиздер турмуштун катаал сыноосуна туруштук берип, кыйынчылыкта такшалып, өзүңүздөргө, үй-бүлөңүздөргө, ал тургай өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошуп жатасыздар. Сиздердин мындай эркиңерден, кайратыңардан жарандарыбыздын бардыгы үлгү алса болот”, - деди Данияр Нарымбаев.

Президенттин Аппарат Жетекчиси Азиздердин жана дүлөйлөрдүн кыргыз коому дээрлик 80 жылдын аралыгында мүчөлөрүн коргоонун бүтүндөй системасын түзгөндүгүн белгилеп өттү. “Мамлекетибиз кыйын учурду баштан кечирип жатканда сиздердин уюм чыныгы мекенчилдикти, кажыбаган кайратты көрсөттү. Сиздер мурдагы социалдык өндүрүш инфраструктурасын толук сактап калууга жетиштиңиздер. Сиздердин коом ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын көйгөйлөрүн чечүүдө массалуу уюмга айланып, социалдык зор милдетти аткарды”,- деди.

Данияр Нарымбаев Коомдун ишмердиги аркасында миңдеген адамдарга жумуш берилип, айлык төлөнүп, эң негизгиси жашоого үмүт берип тургандыгын белгиледи. “Албетте, мындай керектүү жана масштабдуу иш терең урматтоого татыктуу”, - деп кошумчалады Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси.

Данияр Нарымбаев Кыргызстанда ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын проблемаларын чечүү мамлекеттин социалдык саясатынын приоритеттүү багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.

“Ошондуктан кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет өз мойнуна алган көпчүлүк милдеттерин толук аткарды. Сиздердин уюм мамлекеттин жардамы менен социалдык турак жай курууга өзгөчө көңүл буруп жатат. 2008-жылдан бери мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бишкектин 6-кичирайонунда жана «Көк-Жар» кичирайонунда 45 квартиралуу 9 кабаттуу 3 үй, Ошто 5 кабаттуу 45 квартиралуу турак үйү, Жалал-Абадда 5 кабаттуу 40 квартиралуу үй курулду. Мына эми 90 квартиралуу турак жайды пайдаланууга берип жатасыздар. Үй-бүлө мүчөлөрүн кошо эсептегенде дээрлик 300 адам жаңы конуштан жай алып жатышат”, - деди Данияр Нарымбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси мамлекетибиз жарандарга камкордук көрүү үчүн дагы көптөгөн иштерди жасоого милдеттүү экендигин белгиледи. “Ошондуктан сиздердин коомдук уюм мындан ары дагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарды эмгекке, билим берүүгө, маданиятка жана спортко тартууда бардык күч-аракетин жумшайт деп ишенем”,- деди Данияр Нарымбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси 2015-жыл - Улуттук экономикабызды чыңдоо жылы деп жарыялангандыгын, Бажы союзуна кошулуп жаткандыгыбызды эске салды.

“Мамлекетибиз күчтөнүп, бекемделсе ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарыбызга көбүрөөк көңүл бурулат. Экономикабыз өнүксө, элибиздин турмушу жакшырат, пенсиялар, пособиялар, айлыктар көбөйтүлөт. Мамлекетибиз бекемделет, социалдык курулуштар көбөйөт”,- деди Данияр Нарымбаев.

Сөзүнүн соңунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси жаңы конуш ээлерине чың ден-соолук, бакубат жашоо жана бакыт-таалай каалады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун президенти Калык Мамбетакуновго көп квартиралуу үйдүн символикалуу ачкычын, ошондой эле балдар аянтчасынын курулушуна 400 000 (төрт жүз миң) сомго сертификат тапшырды.

Мааалымдама: 90 квартиралуу турак үйдүн курулушуна мамлекеттик бюджеттен 87,51 млн. сом бөлүнгөн. Бул ведомстволук үйгө кирип жаткан 90 жашоочунун 60ы  - азиздер, 25 адамы - дүлөйлөр, 4 адамы - майып, 1 адамы - коомдун  окуу-өндүрүштүк ишканасында күзөтчү болуп 10 жылдан ашуун эмгектенген.

Үйдүн жертөлөсүндө медициналык борбор, азиздер жана дүлөйлөр үчүн адистештирилген республикалык китепкана жана социалдык-соода жайлары жайгашкан.

2015-жыл 24-январь