Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Индиянын Президенти Пранаб Мукерджини Республиканын күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 26-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Индия Республикасынын Президенти Пранаб Мукерджини улуттук майрамы - Республиканын күнү менен куттуктады.

“Кыргыз-индиялык мамилелеринин жана өз ара пайдалуу кызматташуунун жакшы динамикасын белгилөө менен, эки тараптуу өз ара кызматташууну мындан ары дагы бекемдөөгө даяр экендигибизди ырастайм”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Алмазбек Атамбаев Пранаб Мукерджиге чың ден-соолук жана мамлекеттик ишмердикте ийгиликтерди, ал эми достошкон Индия элине - бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2015-жыл 26-январь