Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмне бар?» тасмасы тууралуу: “Бул фильм алыскы айылдардын маанилүү маселелери жөнүндө сөз кылганы менен позитивизмге, жакшылыкка үндөп турат”

Бүгүн, 2015-жылдын 26-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмне бар?» кыска метраждуу фильмдин авторлорун кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы режиссер Абдулалим Мамадалиевге, идеянын автору Молдосеит Мамбетакуновго жана режиссер-монтаждоочу Ракыя Шершеновага Баткен облусунун Баткен районундагы алыскы Зардалы айылынын жашоочуларынын жашоо шартын чагылдырган фильм жараткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бул туулуп өскөн айылды, Мекенди сүйүү тууралуу жакшы фильм. Алыскы, тоолуу, чек арага канатташ айылда жашаган кыргызстандыктардын эмгекчилдиги жана кайратмандыгы жөнүндө. Дал ушул жарандарыбыз мамлекетибизди бекемдеп, мекенчилдиктин жана каармандыктын үлгүсүн көрсөтүшөт. Фильм алыскы тоолуу айылдын чече турган маселелери тууралуу сөз кеп козгогону менен, позитивизмге жана жакшылыкка үндөп, көрөрмандарга дем берип турат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы бул сыяктуу фильмдерди жаратуунун маанисин баса белгиледи. “Авторлор элеттиктердин жакшы маанайын, алардын жакшылыкка умтулуусун таасын көрсөтө алышкан. Ал эми мамлекеттик органдарга мындай фильмдер  жарандардын турмушун жакшыртуу, региондорду өнүктүрүү үчүн кайсы маселелерди чечүү керектигин жакшы түшүнүүгө түрткү берет”, - деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Президент мамлекеттик программалардын алкагында Зардалы айылынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн чечүүнү контролго алуу, анын ичинде айылдын статусун аныктоо боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди. Ошону менен бирге Президенттик фонддон Зардалы айылынын мектебин электр энергиясын иштеп чыгуучу жабдуу, компьютерлер, окуу куралдары, көркөм китептер менен камсыз кылуу үчүн көмөк көрсөтүлөт.

Кыргызстандын Президенти искусствонун кинематография сыяктуу маанилүү багытын өнүктүрүүнүн зарылчылыгын белгиледи. “Кыргызстанда тартылган кинофильмдер жаратмандыкка, билим берүүгө үндөп, руханий, адеп-ахлактык баалуулуктарды өнүктүрүп, элге үмүт тартуулоого тийиш. Маданиятка, анын ичинде киноискусствого маани бербеген мамлекеттин келечеги  болбойт”, - деди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет мындан ары дагы Кыргызстандын кинематографиясына колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

2015-жыл 26-январь