Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 12-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек  Атамбаев өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы  Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн  Улуттук банкы тарабынан стабилдүү макроэкономикалык кырдаалды камсыз кылуу, инфляциянын деңгээлин төмөндөтүү, улуттук валютанын  туруктуу курсун  сактап туруу, банк коопсуздугун жана төлөм системасын камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ошондой эле  Кыргызстанда  алтернативалуу инвестициялык аспаптарды – алтын чен куймасын киргизүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле калктын финансылык билимин жогорулатуу маселелерине көңүл бурулуп, тактап айтканда www.finsabat.kg  адистештирилген атайын сайтынын  жана балдар үчүн  биринчи окутуучу комикстердин бет ачары  тартууланды.

Мамлекет башчысы жарандардын жана ишкерлердин кызыкчылыктары үчүн финансылык ресурстарды натыйжалуу мобилизациялоого тийиш болгон өлкөнүн финансы-кредиттик мекемелеринин  стабилдүү жана ишенимдүү иштешинин  маанисин белгиледи.

2015-жыл 12-март