Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «РусГидро» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 13-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «РусГидро» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евгений Дод Президент Алмазбек Атамбаевге Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын негизги энергетикалык объектилеринин  курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы өлкөнүн энергетикалык системасын өнүктүрүү жана чыңдоо,  анын энергия иштеп чыгуучу кубаттуулугун арттыруу үчүн бул энергетикалык ири долбоорду сапаттуу ишке ашыруунун мааниси зор экендигин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев пландаштырылган жумуштарды курулуштун бекитилген иш графигине ылайык мындан ары да өз убагында жана сапаттуу аткаруу керектигин баса белгиледи.

2015-жыл 13-март