Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сапар Исаков: “Азырынча Кишиневдогу жолугушуу боюнча комментарий берүүнүн мезгили келе элек, бирок Президенттин бардык ишмердиги сыяктуу эле, ал жолугушуу дагы Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын көздөгөндүгүн ырастайм”

“Азырынча Алмазбек Шаршеновичтин Кишиневдогу расмий эмес жолугушуусуна  комментарий берүүнүн мезгили келе элек, бирок Президенттин бардык ишмердиги сыяктуу эле, ал жолугушуу дагы  Кыргыз Республикасынын  улуттук кызыкчылыктарын көздөгөндүгүн так ырастай алам. Мунун баары жыйынтыгында кыргыз мамлекетинин эл аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрүүгө  өбөлгө болооруна ишенем”,- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Кыргызстандын Президенти Санкт-Петербурга иш сапарынын алдында  расмий эмес сапар менен Кишеневго баргандыгы тууралуу ЖМК маалыматтарга  мына ушундай  комментарий берди.

2015-жыл 17-март