Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин «2005-жылдын Мартындагы жана 2010-жылдын Апрелиндеги элдик революциялар: себептер жана натыйжалар» илимий-практикалык конференциясынын катышуучуларына кайрылуусу

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу конференциянын катышуучулары!

Айымдар жана мырзалар!

Илимий-практикалык конференция Март революциясынын он жылдыгы белгиленчү күнү өтүп жатат. Дүйнөдө муну “жоогазын революциясы” деп атап коюшту. Ал эми Кыргызстанда көбүнчө “уурдалган революция” катары эскеришет. Эки жумадан кийин биз Апрель революциясынын беш жылдыгын белгилейбиз. Өлкөбүзгө  эгемендүүлүк жылдарындагы эң орчундуу коомдук-саясый окуялардын себептери жана жыйынтыктары боюнча изилдөөлөр жана дискуссиялар абдан керек.

2005-жылдын 24-мартындагы революцияга ошол кездеги бийлик башчысынын уятсыз саясаты түрткү болгон. Ондогон жылдар бою бийлик экономиканы кыйратып, элдин турмушун жакырлантты. Өз көмөчүнө күл тартып, өлкөнүн улуттук байлыктарын талап-тоноого өбөлгө түзүп, өзгөчө үй-бүлө мүчөлөрүнүн байышына даңгыраган жол ачты.

Мындан он жыл мурда, кезектеги парламенттик шайлоодогу бийликтин адилетсиздиги жана көз боемочулугу карапайым элдин кыжырын кайнатып, чыдамын түгөттү. Эл бийликтен үмүтүн үздү. Өлкөнүн бардык аймактарында каршылык акциялары өтүп жатты.

Кыргызстан эли үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы жапырт көтөрүлдү! Чындыгында эле бул жалпы элдик кыймылга  айланып, өлкөнүн бардык аймагын кучагына алды. Элибиз революция жолу менен бийликти алмаштырды.

Эл жеңишке жетине албай, өлкөдөн уурулукка малынган үй-бүлөнү кууп таштаганына кубанып жатты.

Тилекке каршы Кыргызстан элинин жеңиши бетсиздик менен уурдалды. Адилеттикке жана калыс бийликке болгон элдин үмүтү тебеленип-тепселди. Экинчи президенттин үй-бүлөсү коррупцияга мурдагыдан дагы катуу малынды. Балдары, бир туугандары мамлекеттик эң чоң кызматтарга дайындалып, криминал менен коюн-колтук алышып кетти. Кыргызстанды талап-тоноого чет элдик аферисттерди кошо аралаштырышты. Ошол кездеги бийлик баш көтөргөн депутаттарды, оппозиционерлерди, журналисттерди жана ишкерлерди өлтүрүп, бычактап, уруп-сабаганын эл  али унута элек.

Эзелтен эркиндикти туу туткан Кыргызстан эли мындай өзүм билемдикке, чыккынчылыкка чыдабады. 2010-жылдын жазында өлкөбүз  боюнча оппозициянын нааразычылык акциялары өткөрүлдү. Бийлик буга репрессиялар менен жооп берип, адатынча коркутуп-үркүтүүгө өттү. Ал эми  7-апрелде карапайым эл адилеттүүлүктү талап кылып, митингке чыкканда  канкор режим   демонстранттарды карай ок атууга буйрук берди. Ага карабай өлүмдөн жалтанбаган элибиз  Апрель революциясын ишке ашырды.

2010-жылдын 7-апрели - Кыргызстандын кайра жаралуу күнү. Өлкөбүздө эркин, демократиялуу шайлоолорго жол ачылды. Коррупцияга каршы мурда болуп көрбөгөндөй аеосуз күрөш башталды. Мамлекеттин энергетикалык, транспорттук, азык-түлүк  көз карандысыздыгын камсыз кылууга чечкиндүү аракеттер көрүлүп, аскердик реформа жүргүзүлүп жатат. Мамлекет карапайым адамдардын  жашоосун жакшыртууга чындап көңүл бура баштады.

Бирок, бийлик да, коом дагы 2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги элдик революциялардан сабак алууга милдеттүү.  Өлкөнүн карапайым калкына таянганда гана бийлик натыйжалуу болот. Бийликтин күчү - элдин ишениминде. Ал эми карапайым жарандар депутаттарды жана өлкөнүн Президентин шайлоого өтө жооптуу мамиле жасоого тийиш.

2002-жылдагы Аксы окуялары, 2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги  элдик революциялар  кыргызстандыктардын эркиндик, демократия жана  адилеттүүлүк үчүн күрөшүнүн каарман барактарына айланды. Биз муну эч качан эстен чыгарууга акыбыз жок. Ата-бабаларыбыз, өз өмүрүн курмандыкка чалган мекендештерибиз кыялданган - эркин жана гүлдөп өнүккөн Кыргызстан курууга милдеттүүбүз!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                               Алмазбек  Атамбаев”

2015-жыл 24-март