Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-австриялык бизнес-форумга катышты

Бүгүн, 2015-жылдын 23-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Австрия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Австрия Республикасынын Федералдык экономикалык палатасында өткөрүлгөн кыргыз-австриялык бизнес-форумга катышты.

Мамлекет башчысы бизнес-форумдагы сөзүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, өлкөдө улуттук экономиканы либералдаштырууга, макроэкономикалык стабилдүүлүктү жогорулатууга жана улуттук валютанын туруктуулугун арттырууга багытталган бир катар реформалар жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. Президент мамлекет коррупцияга каршы аоесуз күрөш жүргүзүп жаткандыгынын маанисин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй региондун экономикасын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон өлкөдөгү ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлор туурасында айтып берди. “Биз бардык процесстерди ачык-айкын, транспаренттүү, президенттен жана өкмөттөн көз каранды болбогондой кылып жатабыз. Биз иш жүргүзүүнүн жаңы принциптерине өтүп жатабыз. Биз бизнесмендин корголушуна, салыктар минималдуу болушуна жетишебиз, текшерүүчү органдардын  санын кыскартып жатабыз”, - деди Алмазбек Атамбаев. Кыргызстанда таза иштеген бизнесмендерге кеңири жол ачылып жаткандыгын кошумчалады.

Мамлекет башчысы банк секторун австриялык бизнес-чөйрөгө кызыктуу тармактардын бири катары  атады. Алмазбек Атамбаевдин пикири боюнча өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн пайыздык ставкасы төмөн болгон кредиттерге суроо-талап сезилип жатат.

Мамлекет башчысы ошондой эле азырынча потенциалынын 10%-15% гана ишке пайдаланылган өлкөнүн энергетикалык тармагына токтолуп, Азия регионундагы бир катар өлкөлөрдө электр энергиясына суроо-талап бар экендигин белгилеп өттү.

“Биз силердин жол менен - демократия жолу менен баратабыз, бизде сөз эркиндиги бар, митингдер жана пикеттер - кадыресе көрүнүшкө айланды. Биз жайык жерди карай умтулуп, буркан-шаркан болуп тез аккан тоо суусуна окшошпуз. Биз татаал сыноолорду, өзүбүздүн араб жазын басып өттүк”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктардын жаратылышына европалык баалуулуктар жакын экендигин, Кыргызстан эли адилетсиздикке эч качан чыдабастыгын жана эркиндикти туу тутаарын белгиледи. “Сиздер Кыргызстанда жакшы досторду  таап, элибизди жана өлкөбүздү жакшы көрүп калаарыңарга ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Бизнес-форумдун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын, өлкөнүн бизнес-чөйрөсүнүн өкүлдөрү тарабынан Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу бир катар бет ачарлар тартууланды.

Жолугушуунун соңунда Президент Алмазбек Атамбаев менен Федералдык экономикалык палатанын вице-президенти Рихард Шентцтин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу  инвестицияларды илгерилетүү боюнча агентствосу менен Австрия Республикасынын Федералдык экономикалык палатасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

2015-жыл 23-март